www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы жер титирөөнүн кесепетинен дээрлик 1,5 миң адам каза болуп, 2 миң адам жаракат алган. Бул тууралуу "Аль-Жазира" телеканалы "Талибан" кыймылынын өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди. Буга чейин 1 миңге жакын каза болуп, 1,5 миңдей жараат алганы кабарланган.

Жер титирөө 22-апрелге караган түнү Пактика, Хост, Лагман, Газни, Логар жана Кабул провинцияларында болгон. Жергиликтүү бийликтер жер титирөөнүн күчү 6,1 балл деп баалады. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, кеминде эки жер титирөө болгон: күчү 5,9 жана 4,5 балл. Бир нече жүз үй талкаланып, Хост провинциясында эле 600 үй талкаланган.

Талибдердин жетекчилиги жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 1,1 миллион доллар бөлүүгө макулдугун берди. Ооганстандын эмири жана Талибандын башчысы Хайбатулла Ахунзада эл аралык коомчулуктан, ошондой эле кайрымдуулук жана гуманитардык уюмдардан бул трагедияга байланыштуу Ооганстан элине жардам берүүнү суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости