www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент катары, бул мыйзамга кол койбой койсоң Садыр иним, элиң Сага чексиз ыраазы болот. Мындай пикирин белгилүү саясатчы Жылдыз Жолдошова билдирди.
«Кыргыз Республикасынын V-чакырылышынын депутаттары кызматына киришкенден баштап, Парламентке эл чоң үмүт арткан жана көйгөлөрүн кат аркылуу эле эмес, жарандарыбыз өздөрү агылып келип, ар бир депутатка даттанышып айта башташкан...
Ошол мезгилде, эң орчундуу көйгөлөрдүн бири «казино» маселеси эле.
Менин кабинетиме... чачы аппак, беттери тырыш баскан, көйнөгү эскирип, туфлиси жыртык, көздөрүндө «муң», «кайгы» аны сүрөттөй албайсың... Апа кирди.
Ыйлаган жок...болгону казино, кумар, оюн-зоок мекемелерин жаап бергиле деди.
Жалгыз балам, казиного барып ойноп жүрүп, карызга батты. Үйдөгү буюмдардын бирин да калтырбай сатты, аягында үйдү дагы...Үйдү сатканда, катуу капаландым эле... Шордуу аял экемин, көрсө үйдү тапса болот экен, аягында балам өз жанын кыйды...
Азыр менин эч кимим, эч нерсем жок. Жашоом кунарсыз...
Сизге келгеним, мага окшогон энелер миңдеп саналат. Жаштар өлбөшү керек... андан көрө жаштарды жумуш орду менен камсыз кылсаңар, жок дегенде чакан ишканаларды ачкыла деп.
Мен, Апа деп кайрылып жатсам, Жылдыз эже мен Сизден кичүүмүн деди, жашым 45 те...
45 жаштагы аял, эне 80 деги кемпирдей. Муунум калчылдап кетти. Баланын жамандыгын бир эне, көрбөшү зарыл. Колдон келишинче жардам берип узаткан соң, мен кадимкидей ыйладым... Кийин мындай тагдырдагы жүздөгөн энелерди көрдүм... Энелердин муңайган көздөрүн эч унута албай койдум. Казинонун айынан жаш өмүрүн кыйган, талкаланган тагдырлар... наркомандар, жаман жолго түшкөн...жап жаш кыздарыбыз, бөөдө өлүмдөр... Айтоор, бир ууч кыргыз элинин тамырына балта чабылып жатканына чыдай алган эмеспиз.
Ошентип, Парламент катуу турдук. Казинону, кумар оюн-зоок мекемелерин...акыры мыйзамдын негизинде гана жаба алдык.
Ошондо Садыр, Камчыбек, Талант инилерим, Силер да эл тарап болгонсуңар...
Азыр да эл тарап болгула...
Президент катары, бул мыйзамга кол койбой койсоң Садыр иним, элиң Сага чексиз ыраазы болот. Жок дегенде ушул маселеде мени угуп койчу.
Бюджетти, элиң аман-эсен болсо толтуруп турат. Ансыз деле, эл өзүн-өзү багып келе жатат... Бүт чиновниктерди, депутаттарды, керек болсо баарыңарды кошо.
Аттиң... Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү эл тарап боло алышкан жок. Силерге жараткан өзү баа берсин.
Айтайын дегеним, энелердин муңайган көздөрүнө кантип тике карайсыңар, урматтуу бийлик төбөлдөрү?», - деп белгилеген Жолдошова.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.
Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат "макул", тогузу "каршы" болду. Беш депутат добуш берген жок.
Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду.
Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.
Булак: NazarNews.kg