www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялдын башы жок жансыз денеси табылгандан кийин кылмышка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 21-июнда милиция Кара-Балта шаарында башы жок аялдын денесин таап, кылмышка күнөөлүүлөрдү издөөгө киришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал киши колдуу болгон 1976-жылы туулган К.Н.нын чогуу жашоочусу болуп чыкты. Ал Жалал-Абад облусунун аймагында жашынып, ошол жерден кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш шектүүнүн чогуу жашаганына кызганычтын негизинде жасалган: чыр-чатак учурунда ал аялдын денесинин ар кайсы жерине 10 жолу бычак менен жаракат келтирип, андан соң башын кесип салган жана денени Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги дренаждык каналга ыргытып жиберген. Ал кесилген башты денеден 200 метр алыс жерге көмгөн.

Шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өлтүрүлгөн адамдын башын көмгөн жерди көрсөткөн. Ал Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости