www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды. Биринчи окууда: «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору.
Үчүнчү окууда:
- «2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору;
- «2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Министрлер кабинети менен Индия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору;
- «2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда «Региондук экономикалык өнүктүрүү» экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»
Мыйзамдын долбоору;
- «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Мыйзамдын долбоору;
- «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору.
Жогорку Кеңештин токтому:
- «2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана «Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.
Булак: NazarNews.kg