www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дарынын 80%ти Индиядан, калгандары Орусия, Кытай, Өзбекстан, Азербайжандан келет. Дарынын баасы долларга көз каранды болот. Ошондой эле дарынын баасына фирманын офисинин арендасы, иштегендердин айлыгы кошулат. Ал эми дарыканалар (аптекалар) дагы 30-40% кошушат. Ошентип ар бир дарыга 100-150% кошулуп калат. Дарыгер (Врач) дары жазганда арзан аналогун аптекадан сурап алсаңыз болот. Же интернеттен деле издеп таап алсаныз болот. Азыр көбүнчө антибиотиктерден цефтриаксион кеңири колдонулат. Ошол 30 сомдук цефтриаксиондун 10го жакын кымбат аналогдору бар. Ошондо бир курска 10 цефтриаксионду 30 сомдон 300 сомго алсаңыз, Цефамед, Аксон, Цеф-3, Ротацеф, Ультрацеф деген кымбат аналогдорун бир курска 2000 - 3800сомго аласыз. Он эсе кымбат болуп калат.
Оорукана жетекчилери мыйзамдуу иш кылабы?
Мисалы “спецполиклиника” жетекчиси Гүлмира Баитова тараканга таланып эле эл катары жөн-жай үйдө турчу. Атамбаевдин “үй-бүлөсү” менен жакындашкан соң 300 миң долларлык эң кооз турак-жайдын ээси болду, Жалга да хансарай салдырат. Раиса Атамбаева аркылуу Атамбаевди көндүрүп Саламаттыкты сактоо министри болуп, документтерин топтоп жатканда Атамбаевди бийликтен ажыратып коюшту. Болбосо, ушундай Атамбаевге массаж жасап жүргөндөр министр болушмак. Эмне экен шопаур деле мамлекет башкарып, жансакчысы министр болбодубу. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин“мыйзамсыз байуу” деген 308-1 беренеси бар. Жооптуу кызматты ээлеп турган адамдар 6-8 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискация кылынат деп бакыйта жазылып турат. 20-30 миң сом айлыгы менен 300 миң долларлык үйдү кантип алды? Хансарайды кантип салдырды?
Спецполиклиникада дарыканалар тармагы бар дейт, бул жерде өзүнчө эле Гүлмира Баитованын “үй-бүлөлүк мафиясына” айланып кетиптир. Дарыланууга келген адамдардан ушул дарыканалардан гана соода кыласыңар дешип зордукташат. Бул дарыканаларды Гүлмира Баитованын бир туугандары, жакындары ээлеп алган, булардын ким экенин тактап, сыдыргыдан өткөзө турган учур келди?
Күйөөсү барбы же жетекчи болсо да ар эркекке массаж кылып жүргөн немеби?
Мыйзамдуу ак никеде жубайы бар. Аны Атамбаевдердин убагында аларга таянып Теплоключенкого ооруканага жетекчи коюп койсо барар менен “ит талаган түлкүдөй” кубалап чыгыптыр. Арийне, элдин эсебинен жашаганды жакшы көргөн Гүлмира Баитова “спецполиклиниканын” эсебинен Европага, Непалга медициналык жыйындарга барганды сүйөт. Медициналык жыйындарга барабы же мээсин сергитип эс алып келеби ким билет. Чет мамлекеттерге барганда жубайы мурдунан байланган корозчо шелпейип ээрчип алат дешет. Социалдык өнүктүрүү министрин, орун басарлары менен чет мамлекетте элдин эсебинен сайрандап жүргөндөрү билинип, бүт кызматынан алышты эле, “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” Гүлмира Баитова Атамбаевдин убагында эле сайрандап көнүп алган, эми ага кимдин алы жетмек эле. Президенттик Иш башкармасынын жетекчиси, түз ачендиги Атамбаевдин айыл чарба министри Бекбоев Турдуназир кокус Атамбаев бийликке кайра келсе эмне болом деп Гүлмира Баитовадан бөжөңдөп коркуп жүрөт. Атамбаевге массаж жасап жүргөн Гүлмира Баитовага эмки бийлик массаж жасатпайт дечи, бирок Ак үйдү тейлеген “спецполиклиникадан” албаса ал жердегилерди жийиркентип сасытып бүттү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»