www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин ЖМКларда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын жетекчилигинин жеп ичкени, кылмыш козголгону тууралуу көп айтылып, көп жазылды.
Бирок ал боюнча эчким чара көргөн жок. 3-4 жыл мурун бул театрдын ыйык сахнасында депутаттардын, көпөстөрдүн көпкөн балдары туулган күн тосуп, чартаңбай тепкени ачыкка чыгып, эл аларды катуу сынга алган. Ошондон кийин директор Тимур Саламатов кызматтан кеткен. Анын ордуна мурун ызы-чуу менен кеткен, кылмыш козголгон Болот Осмонов экинчи ирет директор болуп келген.
Осмонов деле театрды көтөрмөк тургай, көп былыктарды жасап жиберди. Маселен, башкасын айтпаганда, ал өткөн жумада театрда интернет оюндарынын чемпионатын өткөрүп, калктын каарына калды.
Кыскасы, жетекчи сөрөйлөр бул театрдын статусун, кадыр-баркын таптакыр тебелеп, ашмалтайын чыгарып бүтуштү. Маданиятта жүргөн андай "маңкурттарды" өкмөт жазалаганга жарабайбы?!..
Булак: "Багыт"