www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оренбургда жасалма арактан он киши каза болду

Орусиянын Оренбург облусунун бир нече шаар, кыштагында жасалма алкоголго ууланып он киши өлдү. Бул тууралуу аймак губернаторунун маалымат катчысы билдирди. Дагы бир киши ооруканада оор абалда жатканы кабарланды.

Губернатор Денис Паслер жергиликтүү укук коргоо органдарына жасалма алкоголдун сатылышына тыюу салууга, ал эми тургундарды мындай ичимдиктерди ичпөөгө чакырды.

"Оренбург облусунун баардык тургундарын лицензиясы жок ичимдиктери сатып алууну жана ичүүнү токтотууга чакырам. Өмүрүңөрдөн ажырап калышыңар мүмкүн", - деп жазылат Паслердин билдирүүсүндө.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Орусияда жасалма аракка ууланган окуялар көп катталат. 2016-жылы Иркутск шаарында "Боярышник" деп аталган лосьонду ичип алган 76 киши каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости