www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) "Кытай боюнча операциялардын борбору" деп аталган жаңы бөлүм түзөт. Бул тууралуу мекеменин башчысы Уильям Бёрнс билдирди.
Анын айтымында, жаңы бөлүм Кытай өкмөтү тарабынан келе турган чакырыктар менен коркунучтарга каршылык көрсөтүү менен алектенет.
Бёрнстун билдирүүсүндө Кытай АКШ үчүн XXI кылымдагы эң маанилүү геосаясий коркунуч катары сыпатталган. Ошол эле маалда билдирүүдө Борбордук чалгын башкармалыгынын аракеттери Кытайдын элине эмес, өлкөнүн коммунисттик өкмөтүнө каршы багытталары белгиленген.
Быйыл январда мурдагы президент Дональд Трамптын администрациясы Кытайдагы уйгурлардын куугунутукталышын геноцид деп атаган. "Бери дегенде эле 2017-жылдын бери Кытай өкмөтү Коммунисттик партиянын көзөмөлү жана башкаруусу менен адамзатка каршы кылмыштарды жасап келет", – деп жазылган ал кездеги мамлекеттик катчы Майк Помпеонун билдирүүсүндө.
Вашингтон Бээжинди өнөр жай тыңчылыгына жана демократияга чабуул жасоого айыптап келет. АКШдагы демократ да, республикачыл да саясатчылар Кытайга каршы аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгилеп келишет.
Уильям Бёрнс Борбордук чалгын башкармалыгы мурдагыдай эле башка маанилүү коркунучтарга, анын ичинде “Орусиянын агрессивдүү, Түндүк Кореянын чагымчыл жана Ирандын душмандык мамилесине, ошондой эле терроримзге” көңүл буруусун улантарын кошумчалады.
Борбордук чалгын башкармалыгынын алдында түзүлө турган дагы бир жаңы бөлүм жаңы чакырыктар, анын ичинде глобалдык жылуулук жана пандемиялар менен алектенет.
Булак: NazarNews.kg