www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын Тиба префектурасында магнитудасы 5,9 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Япониянын Метеорология башкармалыгына таянуу менен РИА Новости жазды.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:41де катталган. Япония Кыргызстандан үч саат алдыда экени белгилүү. Жердин силкиниши өлкөнүн 47 префектурасынын 26сында сезилди. Жаратылыш кырсыгынын видеолору социалдык тармактарга жарыяланууда.

Япониянын өкмөтүнүн башкы катчысынын маалыматы боюнча, кеминде 16 киши жабыркады. Поезд кыймылы токтотулуп, аз убакыттан кийин кайра жанданган. Цунами коркунучу жок. Бирок суу түтүктөрү жарылып, өрттөнүп жатканы боюнча билдирүүлөр түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости