www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн өкүлү Рухулла Умар 6-октябрда жергиликтүү "Толо ТВ" телеканалына маек берип, Тажикстанды "жакшы коңшу" деп атады. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы ("Озоди" радиосу) кабарлады.
"Тышкы иштер министрлиги баардык мамлекеттер менен байланыш түздү. Биз алар менен жакшы мамиле курганга аракет кылабыз. Буюрса, Тажикстан бийлиги менен да бардык суроолор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", - деген Рухулла Умар.
Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан менен сүйлөшкөнү маалым болгон. Анда Рахмон ар кайсы күчтөрдүн кеңири диалогу Ооганстандагы туруктуулук жана тынчтыкты орнотуудагы маанилүүү фактор экенин баса белгилеген.
Ал арада "Озоди" радиосу айрым булактарга таянып, тажик-ооган чек арасындагы Дарваз тилексиндеги бекет жана көпүрө ачылганын жазды. Ички булактардын маалыматына ылайык, Рузвай-Нусай көпүрөсү Дарваз аймагында "Ансоруллах" тобунун согушкерлери пайда болгондо жабылган. Аталган топтун ишмердигине Тажикстанда жана Кыргызстанда тыюу салынган.
Чек аранын калган бөлүктөрү жабык. Буга чейин расмий Дүйшөмбү талибдерди бир нече ирет өлкөдөгү бардык этностук топтордун мүчөлөрү кошулган инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырган. Өз кезегинде талибдер Тажикстанга Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөнү эскертишкен.
Тажикстан менен чектеш Бадахшан жана Тахар провинцияларына миңдеген жоочуларын "ыктымал коркунучтарга" каршы жайгаштырганын билдирген. Ал эми Дүйшөмбү Ооганстан менен чектеш аймактарга 20 миңдей аскерин жайгаштырууну пландап жатканын жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg