www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кронос» адам укуктарын коргоо уюмунун Анкарадагы бюросу Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесинин мурдагы жетекчиси Орхан Инандынын 3 жыл мурда кыйноого кабылгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды жарыялады. Укук коргоочулар менен Анкарадагы Синжан түрмөсүндөгү 2 сааттык жолугушууда Орхан Инанды кеңири маек берген.
«30.05.2021-жылы Бишкекте саат 23:00 чамасында автоунаама минээрде бир кыргыз жигит колдоруму кайрып, башка унаага зордоп отургузду. Унаанын ичинде дагы 2 адам бар экенин көрдүм. 3 киши мени Кара-Балта тарапка алып жөнөдү. 15 мүнөттөн кийин унаа алмаштырып, башка унаага миндик», — дейт Орхан Инанды.
«Алгач, үкөл сайышты»
Унаада мага үкөл сайышып, көздөрүмү таңып коюшту. Оң колуму ушул жерде сындырышты. Эки жаныма экөө отурушканын билем. Алардын бирөө кыргыз болчу. Болжолдуу Өзбекстан тарапка жол алдык. Узун туннелден өтүп баратканыбызды сездим. Сууга аралаштырып уйку келтирүүчү дарыларды берип жатышты. Мындан улам көп нерсе эсимде калбады. 31-майдын түш ченинде кайра башка унаага өттүк. Муну менен 1 сааттай жүргөндө же, Өзбекстан же, Тажикстан тарапка келгендей болдук.
«Чакан учакка мингизишип, Түркияга кош келдиң» дешти.
Унаадан түшүрүп, көздөрүмдү чечишти. Чакан учакты көрдүм. Мага «Түркияга кош келдиң» дешти. Учакка минээрде ур тепкиге алышты. Учакта 2 пилот, аты Азиз деген аэропорт кызматкери жана унаада мени алып келгендерден бирөө болуп чогуу учтук.
«Сапар аяктаганга чейин ур токмокко алышты»
Анкарага келгичекти учакта тизелеп келдим. Анда санда ур токмокко алып жатышты. Кээде учактын туалетине киргизип коюшту. Беткапчан эки киши видеого тартып, сөгүп, сөздөп атышты. Түркияга кайсыл аба майданы аркылуу конгонубузду билбейм. Ал убак көздөрүм таңылуу эле. Учактан түшүрүшкөндө бир унаанын арткы отургучтарына жатаар абалда мингизишти. Андан соң башка чоң унаага отургузушуп, чечиндиришти. Унаада бир киши бар эле. Ага «үшүп жатам»,- десем «коркпо,»-деп гана жооп берди. Унаа 15 мүнөт жүргөндөн кийин подвалга кирди. Ал убакта көзүм дале таңылуу эле.
«Бизди байке же, мырзам деп айтасың»
Бир бөлмөгө алып келишкенде көздөрүмдөгү байланган бөздү алышты. Мени узуну 2.5-3 метр, караңгы, табанына микрофон жана камера жайгашкан бөлмөгө камашты. «Биз киргенде бул капты башыңа кийесиң. Бизди байке же, мырзам дейсиң»,- дешти. Анан, ур токмокко алып киришти.
«Бөлмөлөрдө Мехтер маршы (Осмон империясынын каармандык маршы) жаңырып турат»
Бөлмөлөр бири-бирине туташ жайгашканы белгилүү. Андыктан, камалгандарга бирөөлөр келсе, угулбасын деп Мектер маршын жаңыртып коюшат экен. Күндө эки маал тамак беришет. Ал сыр, зайтун жана нан.
Эгер бергенин жебесең, зордоп жедиришет. Жумада 1-2 жолу доктор келип, колуму таңып турду. Аны менен сүйлөшүүгө тыюу салынган, ал эмес доктор келип, кеткичекти көздөрүмү таңып коюшат. Биздин бөлмөнүн үстү жактарынан кандайдыр бир өндүрүштүн жана чөптөрдүн орулган үндөрү келип тураар эле. Бир жолу туалетте сириялык жана ооганстандык адамдарды көрдүм. Алар да мен сыяктуу караңгы, жалгыз бөлмөлөрдө камалышкан экен.
5 күндөн кийин көздөрүмдү таңып, кулагыма да кулактык кийгизишти. Анда жарышкан мотолордун үндөрү угулуп турду. Чоң унаа менен жарым сааттай жүрүп, бир жерге келдик. Көрсө, мени рентгенге алып келишиптир.
«Үстөл үстүндө джоп, кишен жана электршок бар эле»
Сурак үчүн өзүнчө бөлмө бар. Көзүмдү таңып, суракка алынуучу бөлмөгө алпарышат. Анда бир үстөл, үстөлдө кишен, джоп жана электрошок бар. Ары жакта териден диван жана жерде кичинекей эски палас бар экенин көрүүгө болот. Суракка негизинен эки киши катышат. Алгачкы күнү бир эле киши келчү. Биринчи эле күнү «бул жерге келүүнү болжоп жаттың беле?
Биз мамлекетпиз, сени өлтүрүп коюшубуз да мүмкүн. Бизге бардык нерсени айтасың»,- деп чыгып кетти.
Кийинчерээк 2 киши келди. Менден Түркияда кимди таанысаң айтасың дешип, ур токмокко алышты.
Акыры тергөө менен кызматташууму айтып, кызым аркылуу коркутканга аракет кылышты. Бир жолу буттарыма электрошок беришиптир. Кийин өзүмө келгенде бутумун ачышканынан билдим. Сурак учурунда 2-3 жолу дырдай жылаңач кылышып, кыйнашты.
«Кронос» маалыматында, Орхан Инанды сотто «күбөлөр менин мыйзамсыз иш аракеттерим жөнүндө айталышкан жок. Кыргызстанда баары мени тааныйт. Мен ошол өлкөнүн атуулумун. ByLock эч качан колдонгон эмесмин. Далилиңер болсо, көрсөткүлө. Эгер мен чын эле күнөөлүү болсом, силер эмне үчүн Интерпол аркылуу издөөгө албадыңар?»,- дейт айтты.
Маекти Гизай Дулкадир жана Румейса Будак аттуу адвокаттар даярдашты.
Булак: NazarNews.kg