www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генсек Черненконун Билим берүү тармагындагы ишке ашпай калган реформасы баштала турган болду. Бишкектин ак мрамор шаарга айланышына Черненконун түздөн-түз тиешеси бар. Усубалиев шаардын мраморго айланышы боюнча пландары менен генсек Брежневге киргенде, ал бул ишти Черненкого тапшырат. Черненко менен Усубалиев экөө тең мурнуку педагогдор катары идеологиялык тармакта чогуу иштеп калышкан экен, мунун пайдасы тийет. Черненко 73 жашында 1984-жылы Генсек болуп, бир жылдан соң ИИМ министри алып келген балыкка ууланып 1984-жылы көз жумат. 1984-жылдын 1-сентябрын билим берүү күнү катары бекитип, ушул күндөн баштап СССРде жаңымектеп реформасы 11-жылдык окуу башталган. Он бир жылдык окуу реформасы Черненконун көзү тирүү болгондо 12 жылдык окуу менен аяктамак, Черненконун көзү да өттү, анын ордун алган Горбачев СССРди таратты, ошол бойдон бул реформа тууралуу сөз болбой калган.

Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан,АКШ сыяктуу дүйнөнүн 136 мамлекети  12 жылдык окуу программасы менен окушат. Апрель айында Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу программасы тууралуу маалымдап, ага быйыл сентябрда өтүү ыктымалдыгы айтылган. Эми болсо Билим берүү тармагында Кыргызстан 12 жылдык билим берүү программасына 2024-2025-жылкы окуу жылында өтүшү мүмкүн. Региондордо анча маселе жок, эң негизги көйгөй Бишкекте болуп жаткандай. Эгер калаада убадаланган 15 мектеп курулуп калса, маселе чечилет. Бейшеналиевдин жол картасы бар, анда мектептеги орундардын, окуу программаларынын, окуу куралдарынын даярдалышы камтылган. Ошонун баары даяр болгондон кийин өтөрү бышык. Жол карта боюнча 2022-2023-жылы өтө алышпайт.

Кыргыз ССР мезгилинен бери мектептерде эмне өзгөрдү, мектеп программасы дээрлик советтик программа боюнча, ал кезде райкомдор мектеп директорун көздөшсө, эми акимдер көздөйт. Министр Бейшеналиевдин бейшеби агабы же «граф» директорлорду ротация кылам дегендери талаага кетти. Эми мектеп директорлорун акимдер дайындап жатат, мындай кадам билим берүү системасына өтө чоң коркунуч жаратат. Акимдердин билим берүү системасына кийлигишүүсүн парламент туура эмес деп сындады. Азыр мектеп директорлору, Райондук билим берүү башкармалыгы акимдерге карап калды. Директорду аким дайындап жатат. Акимдин чарбачылык жана аймакты өнүктүрүү менен алектенүүдө жумушу жетиштүү деп ойлойм. Мугалимдер билим берүүчү эмес, отчет берүүчү болуп калбайбы, коробка ташыгычка айланып калбайбы деген солдойгон собол жаралат. Билим берүүнү акимдерге эмнеге берип жатабыз? Эгер мындай болсо, эртеңки келечектен үмүт үзүш керектигин депутат «самый ходжа»  Самыйкожо саймедиреди. Мындан сырткары, ал билим берүү жана илим министрин беш жылга кызматта отура тургандай кылып шайлоону сунуштады. Андан кийин гана жыйынтык күтүү керектигин белгиледи.

Жапаровдун кол алдында биринчи жолу министр болгондо жакшы саамалыктарды чыгарып Алмаз Бейшеналиев мугалимдердин батасына татыктуу болгон. Анын жакшы идеяларын социалдык жакты тейлеген ал кездеги вице-премьер Жылдыз Бакашова көрө албай, бийликке жамандап жүрүп министрден айдаткан. Бейшеналиев Европада адашып жүрүп мурунку айткандарын барын унутканбы, азыр койондой жоошуп, үн катпай калды. Ал алгач министр болгондо өздөрүн «граф», «уделдик князь» сезип калышкан мектеп директорлорун ротация аркылуу алмаштырууну көздөгөн. Мектеп директорлору Акаевдин заманында Майрам Акаеванын «Мээрим» фондун мактап жүрүп байлыкка жеткендер. Арасында Масалиевдин убагындагылар да бар эле алар жыл өткөн сайын азайып баратат. Акаевден бери беш президент алмашты, бирок мектеп директорлору бир мектепти өздөрү каалаганында чоюшуп «көмүскө бизнесмендерге» айланышкан. Башкасын койолу билим жана илим министрин, губернаторлорду «чемирчке чаккандай» көрүшпөйт. Купешов сыяктуу көпөс министрлерге бирдемесин тиштете коюшуп ишин ийгиликтүү улантып келатышат.

Ал эми Бейшеналиевдин тазалыгы кандай? Ушул жерден ишенимдүү өздүк булагыбыз айткан кепке токтололу. Өткөндө Түштүк тараптан бир чоң атка минер кол куушуруп, ийилип министрдин кабинетине келип, машакаттана сүйлөшүп отурат. Аягында 300 доллар сунса, түз иштегиси келген министр Алмаз Бейшеналиев параны албай койот. Тиги кургур берип көнгөнбү, айтор, жагдайды байкап кагаздардын арасына байкатпай кыстарып, баса бериптир. Билгизбей. Ал кеткенден кийин жашырылган акчаны Алмаз мырза көрүп калып, аябай бушайман жеп, түнү менен уктабай чыгат. Өзүн жаман сезип. Алмаз Бейшеналиев параны көргөн сайын чоочуй берет да, кантип ээсине жеткизем деп мээси катат. Эртеси таң атпай Ошко учкан биринчи рейстеги самолётко 300 долларды салып жиберип, бежендей келген жетекчиге капа болгонун айтып, катуу эскертүү берет. Шагын сындырыптыр. Албетте, ушул көрүнүш баарына үлгү болушу абзел. Эми да пара сунуштап, бузганга аракет кыла турган чиновник, кошоматчылар четтен чыгышса керек. Бул маалыматты окугандан соң тыйылып калышабы, же? Андан көрө параны коопсуздук органдарына алып барса туура болмок экен. Демек министр Алмаз Бейшеналиев өздөрүн «граф», «уделдик князь» сезип калышкан мектеп директорлорунан пара албайт.

Экинчи ирет Алмаз Бейшеналиев дайындалды. Кудайдын буйругу экен. Эми тажрыйбасын, уюштургуч жагын көрсөтүшү керек. Алмазбек Бейшеналиев эмне үчүн министрлик кызматтан кетип, кайра кайтып келгенин парламенттен айткан. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев эмне үчүн кайра министрлик кызматка кайтып келгенин билдирген.Анын айтымында, ал Билим берүү министри кызматынан президент Садыр Жапаров аны элчи кылып дайындаган үчүн министрлик кызматтан кеткен.Чындыгына вице-премьердин да тиешеси бар.

Жакында эле бейбаш, сөгөнөөк окуучунун айынан мугалим кызматынан кол жууп, жумушсуз калган. Болбогон жерден мугалимдерди эзе берүү адатка айланып баратат. Сталиндин учурунда фронтко жана мугалимдерге колдоо көрсөтүлүп турган. Өлкө согуш запкысын тартып жатса да мугалимдерге ченелип буудай берилчү. Мугалимдерди көргөндө баш кийимин ала коюп учураша турган. Совет заманында чүкө ойноп жаткан балдар алыстан мугалимдерди көргөндө жашырынышчу. Президентти окуткан да мугалим, академикти да, министрди, сотту, мугалимди, акын-жазуучуну жана бардыгын окуткан мугалим. Бейбаш окуучу сабакта тынч отурбай мугалимин окуучуларынын көзүнчө сөккөндүктөн мугалим чыдабай бир чаап жиберген, натыйжасында Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу мектепте мугалим жумушсуз калды. Тийешелүү органдар киришпесе болбой тургандай. Былгытып коюп мугалимдерди салып берип коюп отура берсек мектепти мечитке айлантып ийишет бейбаш окуучулар. "Менин балам сөгүнбөйт, менин балам айтышпайт, менин балам уурдабайт, менин балам мушташпайт" деп ар бирибиз балдарыбызды мактап, апакай көрөбүз. Ошондой көргүбүз келет. Бирок көпчүлүк ата-энелер балдары менен сүйлөшүп, алардын кылык-жоругун, кыялын, билим деңгээлин, жөндөмүн аңдап билгенге аракет кылбайт. Анан эле башканы күнөөлөгөн эң оңой жолду тандап алабыз. Аша чапкан бейбаштарга болушпай  эсине келтириш керек. Эл чурулдап атса деле силерден үн чыкпайт, кечээ эле эл үчүн жаным курман деп жулунуп аткан Социалдык саясат комитеттин башчысы «Ыйман Нуру» партиясынан Динара Ашимова эмнеге унчукпай жүрөт? Бүгүн жым болуп калгандай. Ата-эне менен баланын ортосунда тыгыз байланыш болгондо гана тарбия жөнгө салынат. Айтып тарбиялаганга мүмкүн эмес. Көбүнчө учурда жол көрсөтүп тарбиялоо өтө маанилүү. Мугалимди ата-эне сыйласа, окуучу да сыйлаганга, анын айтканын жан дүйнөсүнө, акылына сиңиргенге үйрөнөт. Биз сыйлабай, балдарыбыздын алдында мугалимди сөгүп турсак, балдар да сөгөт. Өзүбүз бирөөнү сөгүп туруп кайра аны күнөөлөп койгондо балдарыбыз да ошого ыктайт. Туура эмес кылыгыбызды туура эмес деп кабыл алганга үйрөнсөк туура болоор. Жыгачты чапса да үн чыгат, кечке эле мугалимдерге асылуу күчөй берсе, эртең эле алар иш таштоого чыгышат. Алар да адам баласы экенин унутпайлы. Мугалимдерге сыйыбыз болсун!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости