www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия жана Кытай, Сирияда химиялык курал колдонгону белгиленген Асад режимине санкция киргизилишин талап кылган Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин токтом долбоорун вето кылды.

Сирияда химиялык курал колдонгон тараптардын белгилениши максаты менен БУУ жана Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму  (OPCW) тарабынан түзүлгөн миссиянын (JIM) отчету Асад режиминин үч жолу, ДЕАШтын да бир жолу химиялык курал колдонгонун ортого салган.

Бул отчет боюнча иш-аракетин баштаган Англия, АКШ жана Франция, Сирияда химиялык курал кол салууларына аралашкандары белгиленгендерге санкция ишке ашыруусун талап кылган долбоорду даярдады.

Декабрь айынан бери уланган сүйлөшүүлөр жана Орусияны көндүрүү аракеттеринен кийин Кеңеште добушка салынган токтом долбоорун Орусия менен Кытай вето кылды.

Долбоор үчүн вето ыйгарым укугу болбогон Боливия дагы каршы добушун берсе калган мүчөлөрдөн Эфиопия, Египет жана Казакстан арсар болушту.

9 өлкө болсо долбоорду колдоп макул добушун беришти.

БУУнун коопсуздук кеңешинде бир долбоордун кабыл алынышы үчүн 15 мүчөдөн эң аз 9нун оң добуш бериши жана туруктуу мүчөлөр Орусия, Кытай, АКШ, Франция жана Англиянын вето укугун колдонбоосу керек.

Ушуну менен Орусия, Сирияда жарандык согуш башталгандан бери БУУнун коопсуздук кеңешинде Сирия долбоорун 7-жолу вето кылган болду.

Түркия менен бирге көп сандаган өлкөнүн биргелешкен сунуштоочу катары колдоо көрсөткөн долбоордо, сириялык 11 аскердик командирдин капиталдарынын тоңдурулушу, бул кишилерге саякат кылууга тыюу салынышы, Сирия режимине тик учар сатылышынын токтотулушу, химиялык курал өнүктүрүү жана колдонуусуна тиешеси болгону белгиленген 10 мекеменин кара тизмеге киргизилиши көздөлгөн.

Бул учурда Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро, Сирия тууралуу токтом долбоорун вето кылган Орусияга катуу каршылык көрсөттү. Жан-Марк Айро жазуу түрүндөгү жарыясында Орусиянын Сирия калкы менен адамзаттын толугуна каршы оор жоопкерчилиги болгонун белгиледи.

Сирияда террор уюму ДЕАШ жана Дамаск режиминин жаран калкка карай химиялык курал колдонуусунун кескин түрдө кабыл алынбай турганын баса белгилеген Айро, мындай түрдөгү кылмыштарды жасагандардын кескин түрдө жазасыз калбашы керектиги эскертүүсүн кылды.

Англиянын тышкы иштер минстри Борис Жонсон да Орусия жана Кытайдын санкция токтом долбооруна тоскоол болушунун абдан көңүлдү калтырганын белгилеп кетти.

Жонсон: «Англия, эл аралык өнөктөштөрү менен бирге бул коркунучтуу химиялык курал кол салууларынын курмандыктары үчүн адилеттик издөөсүн, Сирияда же башка жерлерде дагы көп химиялык курал колдонууга бөгөт коюш үчүн иштерин улантат»,-деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости