www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Үркүнгө үн катуу

Кыргыз элининин тарыхында бир кылым мурда болуп көрбөгөндөй тарыхый окуя кагаз беттерине алтын тамгалар менен жазылып калган. Дал ушул жүрөк өйүткөн темага Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры кайрылып отурат. Албетте тарыхты эстеп туруу кийинки муундун милдети деп койсок аша чапкандык болбос.

Үркүндүн 100 жылдыгына арнап бул драманы сахналаштырууну колго алган театрдын эмгек жамааты чоң мактоого татыктуу. “ Бөрү заман ” деп аталган драманы Бурул Калчабаева эжекебиз жазган. Ал эми режиссеру Жаңылай Исакова. Баса белгилеп койчу жагдай Жаңылай Исакова профессионал режиссер катары алгачкы дебюттук спектаклин койду десек туура болчудай.

Кошумчалай кетсек ал 2016-жылы Б.Бейшеналиева университетинин режиссура бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. Кыргыз театрында дагы бир режиссер пайда болгонун жар салып, дебюттук иши менен NazarNews.kg сайтынын эмгек жамаатынын атынан куттуктап коелу. Спектакль 2-март күнү 18:00дө Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын кичи сахнасында бет ачаары болот. Жалпы театр күйөрмандарын чакырабыз.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости