www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Март айында өзбек тилдүү он эки телеканал Орусияда эфирге чыга баштайт.

«SPB TV» компаниясы Өзбекстандын улуттук телерадиокомпаниясы менен КМШ алкагында өзбек тилдүү телекөрсөтүү өнүмдөрүн жайылтуу боюнча келишим түздү.

Телеканалдардын эфирлерин март айынан тарта Орусиянын жана КМШнын ар кайсы телеплатформаларынан көрсөтүү үчүн айрым провайдерлер менен буга чейин макулдашылган.

Ага ылайык, өзбек тилиндеги телекөрсөтүүлөр биринчи жолу Орусиянын жана КМШнын телекөрсөтүү платформаларына расмий кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Орусиянын жана КМШ өлкөлөрүндө кеминде 2,5 миллион көрүүчү бар. Аларга Өзбекстандын 12 улуттук каналын көрүү мүмкүнчүлүгү сунулат. Каналдардын басымдуу бөлүгү спорт, жаңылыктар, көңүл ачуу, маданият багытында болот.

«SPB TVнин» башкы директору Кирилл Филипповдун айтымында, учурда Орусияда 2 миллиондон ашуун өзбекстандык жашайт.

«Бул аудитория эне тилинде сүйлөөдөн обочо калган. Биздин УТРК менен келишимибиз ушул маселени чечип жатат. Өзбек тилиндеги мазмундун сапаты жана ар түрдүүлүгү суроо-талапты канааттандырып, акча табуунун жаңы келечегин ачат деп ишенем», — деди Кирилл Филиппов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости