www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмодзода жана Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, чектеш элдердин ынтымагын, достугун бекемдөө боюнча сүйлөшүштү.

Өзгөчө чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр чатактардын алдын алуу менен бирге орун алган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашышты.

Белгилей кетсек, ушул тапта Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусу жана Өзбекстандын Фергана облусу менен кызматташуу боюнча иш-чаралар планы талкууланууда.

Алдыда аталган иш пландарды бекитүү менен тараптар эки тараптуу кызматташууда экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулаарын белгилешүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости