www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов Россия элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Марипов Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки мамлекетти көп нерсе байланыштырып турарына токтолгон.

"Премьер элчи менен саламаттык сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, экономикалык кызматташууга, инвестициялык климатты жакшыртууга, биргелешкен долбоорлорго тиешелүү маселелердин комплексин талкуулады. Муну менен катар КР өкмөтү президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөрүн айтты", - деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде Удовиченко кызматташуунун актуалдуу маселелерин ыкчам чечүүгө даярдыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости