www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Екатеринбург шаарынын Ленин райондук соту 22 жаштагы казак жаранын зордуктады деп шектелген полициянын мурдагы үч кызматкерин актады. Судья алардын аракетинде кылмыштын белгилерин тапкан жок деп жазылган соттун сайтындагы маалыматта.
Тергөө версиясы боюнча 2019-жылы 18-августта Вадим Мустафин, Андрей Бессарабов жана Вячеслав Тропин аттуу тартип коргоочулар казакстандык кызды күчтөп кызматтык машинеге отургузуп, андан соң зордуктаган. Үчөө тең кийин иштен алынган. Ички иштер министрлиги текшерүүдөн кийин алардын жетекчилери жумуштан алынганын, 14 кызматкерге эскертүү берилгенин билдирген.
Былтыр июлда райондук сот Мустафинди алты жарым жылга, Тропин менен Бессарабовду алты жылдык колонияга кескен. Бирок ошол эле жылдын декабрында Свердлов облустук соту өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Айыпталгандар сот залынан коё берилген, бирок айрым чектөөлөргө кабылган.
Облустук соттун чечиминин себептери айтылган жок.
Булак: NazarNews.kg