www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Химиялык куралга тыюу салуу уюмуна (ОЗХО) Николаевкадагы Славянск ТЭЦинде Украинанын химиялык курал менен чагымчылык даярдап жатканы боюнча нота жөнөттү. Ошондой эле уюмга Николаевка менен Харьковдо болушу мүмкүн деген башка провокациялар тууралуу эскертти. Бул маалыматты Орусиянын аталган уюмдагы туруктуу өкүлү Александр Шульгиндин айтымына таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин Россиянын Коргонууну көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун башчысы Михаил Мизинцев украиналык согушкерлер Россияны күнөөлөш үчүн ДЭРде хлор менен провокация даярдап жатканын айткан.

"Биз Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун техникалык катчылыгына нота жөнөтүп, Николаевкада даярдалып жаткан провокация тууралуу айттык. Мындан тышкары, украиналык улутчулдар Николаевка, Харьковдо дагы чагымчылдык уюштурууга камданып жатканын маалымдадык", — деген ал.

Шульгин уюм бул маалыматты алганын тастыктаганын белгилеп, аны мүчө мамлекеттердин арасында ыкчам таратып жатканын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости