www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсыгы бүгүн, эртең менен болгон. Жанузаков Бишкектен Чаткал районуна бара жаткан. Чакмак-Суу айылына жакын жерде өзү бара жаткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жанузаков унаанын алдыңкы орундугунда отурган. Ал ошол жерден каза болгон.

Жанузаков Бакирдин Мусаевич прокуратура органдарында 2004-жылдан тартып эмгектенип келген:

- 2004-2005-ж.ж. – Талас областтык прокуратурасынын башкы адиси

- 2005-2006-ж.ж. – Талас районунун прокурорунун стажер-жардамчысы

- 2006-2008-ж.ж. – Талас районунун прокурорунун жардамчысы

- 2008-2009-ж.ж. – Кара-Буура районунун прокурорунун улук жардамчысы

- 2009-2010-ж.ж. – Талас областтык прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору

- 2010-2011-ж.ж. - Талас областтык прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы

- 2011-2019-ж.ж. – Талас областтык прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы

- 2019-2020-ж.ж. – Баткен областынын прокурорунун орун басары

- 2020-2022-ж.ж. – Нарын областына караштуу Ат-Башы районунун прокурору

- 2022-жылдын 20-майынан тартып Чаткал районунун прокурору болуп дайындалган.

 

Последние новости