www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путиндин амалкөйлүгү экономикалык абалдын кескин начарлап кетишин алдын алууга жардам берип, мунайдын кымбаттыгы санкциялардын таасирин теңдеп койду. Бул тууралуу Bloomberg жазды.

"Москва рублди турукташтыруу жана экспорттук жеткирүүлөрдөн түшкөн ири каражаттын эсебинен экономиканын масштабдуу түрдө түшүп кетишине жол берген жок", — деп айтылат маалыматта.

Макалада Батыштын экономиканы талкалоо менен Россияны ири зыянга учуратуу максаты аткарылбай калганы жана мындан ары да ишке ашпай турганы белгиленген. Адистердин пикири боюнча, мунай өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү АКШ менен Европа санкцияларынын таасирин алсыратты.

Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Россияга каршы санкциялык басымын күчөткөн. Чектөө чаралары өзгөчө банк сектору менен жогорку технологиялык продукциялардын жеткирилишине багытталган. Европада Москванын энергетикалык ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу тууралуу маселе байма-бай көтөрүлүп жатат. Мунун баары АКШ менен Евробиримдикке экономикалык көйгөйлөрдү жаратты. Себеби күйүүчү май менен азык-түлүк продукциясы кескин кымбаттап кетти. Кремль санкцияларды экономикалык согуш деп сыпаттап, окуянын мындай өнүгүшүнө даяр болгонун белгилеген.

Последние новости