www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков социалдык түйүндөгү билдирүүсүнөн улам "Азаттык-медиа" маалымат агенттигинин жетекчиси Айзада Касмалиеванын суракка чакырылышы боюнча Фейсбук баракчасында комментарий жазды.

Жээнбеков укук коргоо органдарын журналисттерди жайына коюуга чакырды. "Тышкы карыз боюнча жазган постум жана анын миллиард доллардан ашык өсүшү мүмкүн экендиги боюнча тергөөчүлөр мени алты саатка суракка алганда, мен тергөөчүлөргө аны ачык булактардан - Азаттык, Kloop жана Sputnik аркылуу алганымды айткам. Ал эми азыр, менин постума байланыштуу алар журналисттерди суракка чакыра баштады», - деди ал.

Бул адилетсиз жана мыйзамсыз дейт саясатчы. Жээнбеков - Кыргызстан авторитардык өлкөгө айланганын, көз карандысыз журналисттер, көз карандысыз маалымат каражаттары жана жарандык активисттер, саясий оппоненттер, бийликти сындаган же жактырбагандар куугунтукталган мамлекетке айланганын айтты.

«Алар абакта отурат, бул биздин өлкөнүн келечеги үчүн абдан жаман. Алар эч кандай туура эмес иш жасаган жок. Журналисттер өкмөттөн, аткаминерлерден маалымат алып, жөн эле жазып жатышат. Ушундан улам журналисттерди суракка чакырабы? Бул туура эмес. Мен куугунтукту токтотууну талап кылам», - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, бүгүн саат 15:00гө Kloopтун редактору Ислам Розиев суракка чакырылганы айтылды.

Эске салсак, 1-июль күнү кечинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков суракка чакырылган. Саясатчы Фейсбукта - бийликтин быйыл 1,3 миллиард доллар чет элдик насыя тартуу планы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу суралганын билдирген. Милиция Равшан Жээнбековдун мындай жарыясы коомдо туруксуздукка алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

 

 

Последние новости