www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын вице-канцлери Хабек: орус газына бөгөт койсо "социалдык тынчтыкка" доо кетирет.

Германиянын вице-канцлери, экономика жана климатты коргоо министри Роберт Хабек орус газын берүүдөн дароо баш тартуу Германиядагы "социалдык тынчтыкка" доо кетирет деп билдирди. Бул тууралуу Лента.ру маалымат агенттиги билдирди.

Анын айтымында, Берлин кыраакылык менен иш алып барышы керек, кадамдарды кылдат даярдап, эгер Орусияга зыян келтиргиси келсе. Германия Орусиядан энергия алуудан көз карандысыздыкка жетишүү үчүн иштеп жатканын белгиледи.

"Абдан жакшы алдыга жылдык" деп кошумчалады Хабек.

Немис саясатчысы ошондой эле өлкөдө суюлтулган газды (СТГ) кабыл алуу үчүн терминалдар кызуу курулуп жатканын кошумчалады. Ошону менен бирге ал Германиянын өзүндө сланец газын фрекинг ыкмасы менен алуунун максатка ылайыктуулугуна күмөн санаган.

Буга чейин Хабек немистерди электр энергиясын азыртан үнөмдөөгө жана орус күйүүчү майына болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн унаалардан баш тартууга үндөгөн.

"Биз муну чоң биргелешкен долбоор катары кабыл алсак, орусиялык импортко көз карандысыз боло алабыз", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости