www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга тыюу салынган экстремисттик материалдарды социалдык тармактар аркылуу таратып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү экспертизанын корутундусуна ылайык, алар социалдык тармактар аркылуу экстремисттик жана террордук уюмуна таандык болгон материалдарды жайылткандыгы аныкталган.
Чогултулган материалдын жана экспертизанын корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Д.Г. жана 1999-жылы туулган Ю.Б. аттуу жарандар кармалып, сот тарабынан камакка алынды.
Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.