www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич дарылануудан өтүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз футбол биримдиги жана ата мекендик футбол коомчулугу КФБ жетекчисине тез арада толук айыгып кетүүсүн чын жүрөктөн каалайт.

"Мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо, ошондой эле ата мекендик футболду өнүктүрүүгө болгон Камчыбек Кыдыршаевичтин жеке салымы жана негизги долбоорлорго жигердүү катышуусу өлкөбүздүн футбол үй-бүлөсүнө ишеним берип, чоң дем-күч болууда.

Кыргыз футбол биримдигинин, клубдардын, машыктыруучулардын жана футболчулардын атынан КФБ жетекчисине бекем ден соолук жана бакубатчылык каалайбыз!", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жарлыкка кол койгон, ага ылайык, Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Ошондой эле, УКМКнын үч орун басары кызматтан четтетилген. 

Последние новости