www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-февраль күнү Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автоунаа жолунун 93-101-чакырым аралыктарында 5 жеринен кар көчкү түшкөнү аныкталды. Учурда көчкүнүн көлөмү такталууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн “Жагалмай” ЖЧКсынан 4 жүктөгүч тартылып, жолду ачуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Кошумчалай кетсек, аба ырайынын шарттарына байланыштуу, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тескемесинин негизинде аталган унаа жолдо бүгүн, 11-февралда аба ырайы турукташканга чейин кайра унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.