www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасында 2026-жылы жазгы-талаа жана чарбалык иштерин өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы угулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тааныштырып, сугат суу менен камсыздоо, сапаттуу үрөн, күйүүчү-майлоочу май жана техникаларды даярдоо, ошондой эле жер семирткичтерди жеткирүү сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча кеп кылды. 

Талкуу маалында депутат Умбеталы Кыдыралиев Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын бөлүштүрүү маселесин көтөрсө, эл өкүлү Дастан Бекешев күзгү-талаа иштеринин жыйынтыктарына, айрыкча күздүк дан эгиндерин айдоого кызыкты. Ал эми депутат Чолпон Эсенаманова Кара-Балта шаарында БДР куруу маселесин тактап, ошону менен бирге Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттардын бир бөлүгү Чүй облусунун Сокулук, Панфилов, Москва райондоруна өткөрүлүп берилгенин эске салып, жергиликтүү тургундар жайыт тартыштыгын сезип жатканын белгиледи.

Муну менен катар депутат Болот Сагынаев Тоң районунун Көгүчкөң уя тилкесиндеги суу сактагычтын курулушун тездетүүнү өтүнүп, аталган аймактын тургундары негизинен дыйканчылык менен алектенишерин жүйө келтирди. Депутат Махабат Мавлянова органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Депутат Чынгыз Ажибаев Лейлек районунда жазгы-талаа иштери эрте башталарын эске алуу менен, дыйкандарды күйүүчү-майлоочу материалдар, үрөн, жер семирткич жана башка керектүү каражаттар менен өз убагында камсыз кылуу, ошондой эле ирригациялык объекттерди калыбына келтирүү зарылдыгын айтты.

Өз кезегинде депутат Жаныбек Аматов аймактарда логистикалык борборлорду куруу, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо маселесине токтолду. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да мамлекет тарабынан дыйкандар өндүргөн продукцияны сатып алуу механизмдерин киргизүүнү сунуштады.

Андан тышкары, депутат Жанарбек Акаев климаттын өзгөрүшү, малдын санынын көбөйүшү жана жайыттардын деградациясы сыяктуу көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү керектигин билдирсе, депутат Медина Кайрылбекова суу жоготуулардын алдын алуу үчүн каналдарды бетондоо иштерин тездетүүнү сунуштады.

Депутат Алтынбек Кылычбаев административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөр ирилештирилгенин, айыл чарба техникасына болгон муктаждык өскөнүн жүйө келтирип, ар бир аймакта машина-трактор станцияларын (МТС) түзүп, дыйкандарга техниканы лизинг аркылуу берүү мүмкүнчүлүгүн кароо керектигин айтты.

Эл өкүлдөрү Бурун Аманова жана Айсаракан Абдибаева аймактарда топтолгон суунун көлөмү 32%га азайган шартта, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сугат суу менен камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды такташты.

Ал эми депутат Камила Талиева Баткен облусунда бадам жана мисте көчөттөрүн отургузуу зарылдыгына көңүл буруп, айыл чарба тармагындагы илимий изилдөөлөрдү мамлекеттик заказдын алкагында каржылоо маселесин ортого салды. Ошондой эле сугат сууга электрондук эсептегичтерди орнотуунун тартибине кызыкты.

Депутат Уланбек Жаанбаев каналдардын абалы, Ош облусунун Ноокат районундагы бир катар айыл аймактарынын тургундарын ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу, ошондой эле айыл чарба кооперативдерин колдоо маселелерин көтөрдү.

 

Последние новости