www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык дзюдочу Ислам Баялинов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Open Masters Games 2026 дүйнөлүк оюндарында алтын медаль жеңди. 

Мелдеш 7-февралда Абу-Даби шаарында старт алган. 
Кыргызстандын дзюдо боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Ислам Баялинов 73 кг салмак категориясында күч сынашып, таймашты 1/8 финалдан баштады.  

Мелдештин жүрүшүндө 40 жаштагы спортсмен Бразилия жана Казакстандык атаандаштарын катары менен төрт беттеште жеңип, жыйынтыгында алтын медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Ислам Баялинов Кыргызстандын чемпионатына катышып, күмүш медаль уткан.

 

Последние новости