www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Атайын өкүлү жана координатору Кэри Джонстон менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө адам сатууга каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде мындай категориядагы кылмыштарды аныктоо жана иликтөө механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.

Тараптар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, статистикалык эсепти жана аналитикалык ишти жакшыртуу, ошондой эле практикалык багыттагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

 

Последние новости