www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынып жатканын билдирди.
"Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди.
Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат”, - деди Бердикожоев.
Эске салсак, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жарлыкка кол койгон, ага ылайык, Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Ошондой эле, УКМКнын үч орун басары кызматтан четтетилген.