www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональное айылында жайгашкан кум жана шагыл чыгаруучу заводго жеринен текшерүү иштерин жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүш процесси менен таанышып, техникалык документтерди, өндүрүш шарттарын текшеришти. Мындан сырткары чыгарылган кум менен шагылдын белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигине баа берилип, өндүрүштүн үлгүлөрү алынып сыноо лабораториясына жиберилди.
Иштин жыйынтыгында өндүрүштүн технологиялык жана техникалык стандарттарынын сакталышына талдоо жүргүзүлдү. Зарыл болгон учурда ишканага тиешелүү сунуштар жана көрсөтмөлөр берилет.
Курулуш министрлиги курулуш объекттеринин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында курулуш материалдарынын сапатын контролдоо жана техникалык регламенттердин талаптарын сактоо боюнча системалуу ишти улантат.