www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-февралда Бишкек шаарындагы «Жаштык» спорт аренасында спорттук күрөш боюнча Super 4 Wrestling (S4W) эл аралык турнири өтөт. Бул - жаңы форматтагы мелдеш болуп, анда бир салмак категориясында дүйнөлүк деңгээлдеги төрт балбан чемпиондук кур үчүн ат салышат.
Турнирге Кыргызстан, Россия, Казакстан, Азербайжан, Грузия, Монголия, Япония, АКШ жана Болгария өлкөлөрүy алдыңкы балбандары катышат.
Белгилей кетсек, жыл ичинде дүйнөнүн ар кайсы борбор шаарларында S4W турнирин төрт жолу өткөрүү пландалган. Бишкек - бул эл аралык мелдеш өтө турган алгачкы шаарлардын бири.
Турнир 13-февралда саат 16:00дө башталат. Көрүүчүлөр үчүн кирүү акысыз.