www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Жумакадыр уулу Сейтектин өнөр жай жана курулуш компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун колдонуудагы механизмдери жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган "Бирдиктүү терезе" принцибин ишке ашыруунун алкагында "Электрондук виза" порталын пайдалануунун практикалык аспектилерине, анын ичинде “Бирдиктүү уруксатты” жана резидент-картты тариздөөнүн тартибине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, юридикалык жактардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишмердигине тартылган чет өлкөлүк жарандар үчүн уруксат берүүчү жана башка документтерди жол-жоболоштурууга тиешелүү актуалдуу маселелерге түшүндүрмөлөрдү жана толук жоопторду алышты.