www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 10-февралында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Арсенал” аталыштагы рейддик иш чаранын алкагында мыйзамсыз ок атуучу курал сактоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы билдирди.
Рейддин алкагында 9 мм калибрдеги Макаров (ПМ) үлгүсүндөгү сайлуу тапанча жана 16 калибрдеги ИЖК үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу курал табылды. Текшерүүнүн жыйынтыгында эки курал тең атууга жарактуу экендиги аныкталды.
Аталган факт боюнча шектүү катары Араван районунун 1959-жылы туулган тургуну Ш.М. тергөөгө камсыздалды. Учурда курал-жарак аталган жаранга кайсы жактан жана ким тарабынан берилгени боюнча тергөө жана сурак иштери жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда бул факт боюнча тиешелүү юридикалык баа берилип, кошумча маалыматтар берилет.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактоого жана колдонууга жол берилбестигин эскертип, мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Эгерде мыйзамсыз курал сактоо фактылары тууралуу маалыматыңыздар болсо, ички иштер органдарына кабарлоону өтүнөбүз.