www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын 5 жыл ичиндеги резонанс жараткан кылмыш иштерин кайрадан текшерип чыгыш керек. Бул тууралуу коомдук имшер, экс депутат Исхак Масалиев Facebook баракчасына жазып чыкты.
Ал:
— Учурда УКМКнын жетекчилиги толук алмашты, айрым кызматкерлери камакка дагы алынды. Өкмөттүн вице-премьер-министри Эдил Байсалов белгилегендей, мыйзам бузуулар көбөйгөнү жана коомчулукта нааразычылык бар.
Азыр УКМКнын функциясы жана статусу өзгөртүлөт, өзүнө тийиштүү функциялары калат. Бул жакшы кадам.
Коррупцияга каршы иштерди жүргүзгөнү жаңы орган бекитилеби прокуратура, милицияга тапшырылабы — бул маселени Президент чечет.
Акыркы беш жыл ичинде коомчулукта резонанс жараткан айрым кылмыш иштерин мыйзам чегинде кайрадан талдап чыгуу максатка ылайык болмок.
Президенттин өзүнүн буйругу менен ведомство аралык комиссия түзүп кайрадан көптөгөн иштерди текшерсе жакшы болот эле.
Албетте, мындай кадамдардын жыйынтыгы күтүүсүз болуп кетиши дагы мүмкүн. Бирок бул кадам керек, элибизге, президентибизге, - деди Масалиев.