www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында бир жаштагы наристе денесинен жаракат алып, балдар ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Ош шаардык милициядан билдиришти.

Милицияга 6-сентябрь күнү Ош шаарынын Кулатов кичи районунун 2021-жылы туулган тургуну “Карагат” менчик балдар бакчасында денесинен жаракат алып, балдар ооруканасына кайрылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө денесинен жаракат алган баланын 27 жаштагы апасы күбө катары суралган. Анын айтымында, баласы эки айдан бери “Карагат” бала бакчасында тарбияланып жаткан. Ал 5-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында баласын алып кетүү үчүн барганда, наристенин денесинде көк тактарды байкагандыгын билдирген.

Бала бакчанын директорунун айтымында, 5-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында бир жаштагы наристени орто тайпада окуган кыз уруп койгон.

Окуянын видеотасмасы алынган. Аталган бала бакчада иштеген кызматкерлер күбө катары суралууда.

Азыркы учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, бардык тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости