www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунун Төбө-Коргон айыл өкмөтүнүн тургуну Махфуза Кочкорова уулун өз өмүрүн кыйууга чейин жеткирген адамдарды жазага тартууну суранат. Ушул жылдын 11-августунда 18 жаштагы жалгыз уулу Умид Кочкоров үйүнүн чатырында асынып алган.

Махфуза Кочкорова уулунун өлүмүнө ушул эле айылда жашаган келин менен анын кайын агасын күнөөлөйт.

«Эки кызым жана жалгыз уулум бар болчу. Жолдошум Орусияда эмгектенип жүргөн. Умид мектепти кызыл күбөлүк менен бүтүп, кесиптик окуу жайды дагы артыкчылык диплом менен аяктаган. Бирөө менен урушпаган бала эле. Окуя болгон күнү күндүз балам экөөбүз бакчаны тазалаганбыз. Саат 15:00 чамасында күн ысып кеткендиктен эс алуу үчүн бөлмөлөрүбүзгө кирип кеттик. Жарым сааттан соң чыксам, эшиктин алдындагы унаа да, балам да жок. Саат 16:00дө уулум кыжаалат болуп келди. Эмне болгонун сурасам айтпай койду. Кечинде "досторум менен аш жейбиз" деп акча алып, чыгып кеткен. Түндө мен өзүмдүн ата-энемдин үйүнө кетип, саат 22:30да балама телефон чалып, үйгө баруусун айттым. Эртең менен баламдын асынып алганын уктум», - дейт Махфуза Кочкорова.

Умиддин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн сөөгүн экспертизага беришкен эмес. Бирок ал жерге берилгенден кийин жаңы жагдайлар пайда болуп, 5 күндөн соң эксгумация кылышкан.

«Уулум ошол күнү унаасы менен чыгып, бир балалуу келин М.Г.ге жолукканы барыптыр. Аларды келиндин кайын агасы А.А. көрүп калып кыйкырганда, уулумду чакырган келин "качып кет" деп суранып, балам качып кетиптир. Келин баламдан 2 жаш улуу. Анын жолдошу Орусияда эмгектенип жүргөн. Ошол эле күнү түндө балам достору менен тамактанып отурганда А.А. чакырып, унаасына салып кеткен экен. Ленин айылына алып барып кыйнап, уруптур. Кайра келип, келинди да алып, анын ата-энесинин үйүнө барып, баламды өз ара суракка тартып, чөгөлөтүшкөн. Сыртка алып чыгышканда уулум бошонуп, качып кетиптир. Үйгө түнкү саат бир-экилерде келип, чоң атасына жолугуп, эмнеге кеч келгенин эртең түшүндүрөрүн айтып, бөлмөсүнө кирип кеткен экен. Кайын атам менен кайын энем намаз окуганы турганда баламдын менин бөлмөмө кирип жатканын көрүшүптүр. Ал бөлмөмө кирип, кат жазыптыр. "Ата, апа мени кечириңиздер. Сиздерге жакшы бала болуп бере албадым. Сүйлөшкөн кызыма берген убадама тура албадым" деп жазып, сүрөттүн астына коюп койгон экен. Балам айылдагы бир кыз менен сүйлөшүп жүрчү. Болжол менен саат 4:00дө үйдүн чатырына чыгып асынып алган», - деди ал.

Умиддин ур-токмокко алынганын далилдөө үчүн жасалган экспертизанын жыйынтыгы 2 айдан кийин чыккан. Анын жыйынтыгында маркум жигит сабалбагандыгы аныкталган. Буга Махфуза Кочкорова макул эмес экенин айтты. Себеби ур-токмокко алынганы көзөмөл камерасына түшүп калган. Ошондой эле келин менен уулунун телефон аркылуу жазышкан каттарын калыптандырганда келин саат 08:00дөн 15:00гө чейин маркумду талаага чакырганы аныкталган.

«Уулум менен келиндин жазышкан каттары тергөөчүдө турат. Аталган келиндин ата-энесинин үйүнүн жанында менин тууганым жашайт. Алардын көзөмөл камерасындагы тасмада эшиктин алдында уулумду кыйнап жатышканы көрүнөт, далилдер бар. Биз уулумду өлүмгө жеткирген адамдарды жазалап берүүнү гана суранабыз», - деди Махфуза Кочкорова.

Уулунун каза болгонун уккан ата, Махфуза Кочкорованын жолдошу 3 күндөн кийин Орусиядан келген. Ал эми келиндин жакындары каза болгон баланын туугандарынан кечирим сураган эмес.

Булак: "Turmush"

Последние новости