www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамда Бишкек мэри мамлекеттик тилди жететкиликтүү билүүгө тийиш экенине карабай, токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет болуп, бийликтин өкүм-зордугу менен кыргыз тилин жарытылуу билбеген Азис Суракматов мэр болуп шайланганына коомчулук күбө болушту.

Эми болсо Суракматов алгачкы ишти өзүнүн курулуш обьектилерин гүлдөтүү менен баштаганын ал ээрге минген күндөн баштап айтылууда.

Маселен, Ак үй батыш тарбындагы; «Россия» кинотеатрынын артындагы 5 кабаттуу Суракматовго таандык делген имарат күжүлдөп ишке кирди. Кезинде бул имаратты Башкы прокуратура мыйзамсыз курулуп жатат деп токтотуп койгон болчу.

Ал эми мамлекеттик иш боюнча алсак, кызык эле абал.

Бишкектеги мамлекеттик маселелерди чечиш үчүн Суракматов фотоаппарат жок кыйналып, иштей албай тукулжурап жатыптыр. Анан бир машинанын баасында 250 миң сомго мамлекеттик казынадан фотоаппарат сатып алганы отурат.

Бул жорукту кантип түшүндүрсө болот?

Булак: "Ачык саясат"
 

Последние новости