www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто машина чыгаруучу завод курула баштады

Мамлекетти өнүктүрүү үчүн ошол мамлекеттин машина куруу заводу болуп, эли өзүнөн чыккан машиналар менен жүрүшүп, арткандарын чет мамлекетке сата баштаса ошол мамлекеттин абалы оңолуп өнүккөн мамлекет деп эсептешсе болот. Акаев президент убагында “Азиянын жолборсторунан” Кыргызстанга келишип, машина куруу заводун курабыз дешсе, “шапкесин” сурап жатышып Өзбекстанга качырып жиберишиптир. Өзбекстанда машина куруу ззаводу, учак куруу заводдору да бар. Эми бизде машина кура турган завод түптөлүп жатат, Оштогу ал заводдун биринчи этабы курулду. Өтө кымбат баалуу жабдуулар келип жатат. Ал ишкананын эң башкы багыты – бир гана автоунааларды эмес, станокторду жасоочу завод курулууда. Бул Борбор Азияда биринчи жолу ишке ашырылып жаткан мамлекеттик долбоор катары айтсак болот. Мисалы, сиз чөп таңгактагыч чыгарчу завод курганы жатасыз. Ал үчүн станок керек да. Ошол станокторду чыгарып берет. Дагы бирөө велосипед чыгарганы келсе, аларга велосипед чыгарчу станок даярдап берет. Ошондуктан, бул мамлекеттик долбоор болгондон кийин аларга бүгүндөн тарта жеңилдиктер берилүүгө тийиш. Салык, жер жагынан. Жол жок болсо жолду, линиясыз болсо линияны куруп, суу жок болсо сууну алпарып бериш керек. Эгер биз муну колго алып, жакшы ишке киргизип алсак, жалпы ЕАЭБге экспорттолчу станокторду чыгарсак болот. 

Азыр биринчи этапта “Ниссан” компаниясы менен бирдикте автоунааларды, электромобилдерди, электр эсептегичтерди, трубогенераторлорду чыгарат. Кичи ГЭСтерди курууга кызыккан ишкерлер трубогенерторлорду ошол жерден алса болот. 

Негизи ал жерде электромобилдерди чыгарууга басым жасалат. Себеби, бизде электр энергиясы арзан. Ооба, Кыргызстандын рыногу чектелүү. Бирок, биз мамлекет тарабынан жакшылап колдоого алсак, өзүнө турган наркы арзан болсо Казакстанга, Орусияга, Беларуска, Арменияга сатсак болот. Бул жерде иш-аракет болуш керек да. Дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрсөк, өнүккөн өлкөлөр экономикасын тез арада көтөрүш үчүн автомобиль курууга басым жасашкан. Мисалы, Япония, Түштүк Корея, Германия. Себеби, бул тармакта мультипликациялык эффект бар. Анын тегерегинде көп башка бизнестер ачылат. Туура, бул жерде бир проблема бар. Завод ачылгандан кийин адистер жетишпей, компания жаңы келген заманбап жабдуулар менен иштей алсын үчүн 40 адисти Европада окутуп жатат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө биздин ЖОЖдор кайсы адистер керек экенин аныктап, ошого карап окутуш керек. Биздин көп окуу жайлар азыр керек эмес адистиктерге окутуп жатышат. 

Бул ишкананын Ошто курулганы түштүк аймагында жумуш орундары түзүлүп, жалпы региондун экономикасынын өнүгүүсүнө да шарт түзүп жатат. Чындыгы заводдун курулушу үчүн өкмөт жетекчисинин биринчи орун басары Кубатбек Бороновдун салымы чоң. Жумуш орундары түзүлгөндөн кийин салыктар, соцфонд төлөнөт, инфраструктура өнүгөт, элдин жашоо турмушу оңолуп, миграцияга кеткендер азаят. Биздин акчаларыбыз Кыргызстандын өзүндө калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости