www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Осунбек Жамансариев менен шайлоо алдында биригип, кайра өз алдынча кеткен саясатчылар жана саясий партиялар тууралуу пикир алыштык.

-Коалиция түзүп, бириккенин жар салып, шайлоого жакын калганда жарым жолдон шайлоого барбайм деп коалициядан чыга качуу кыргыз саясатында кадыресе көрүнүшпү же саясатта кызыкчылык баарынан жогору тураарын далилдейби?

-Парламенттик шайлоого катышууда, саясатчылар, саясий партиялар коалиция же блок түзүшөт. “Блок” түзгөндө күчтүү партиянын алдында, саясий көз караштары, иштери дал келгендер биригип, шайлоого аттанышат. Ал эми “Коалиция” түзгөндө эки тараптуу компромисстерге барышып, тең ата сүйлөшүп, күчтөрүн бириктирип, шайлоого катышышат. Батыш, алыскы чет өлкөлөрдө, партиялык система менен парламентке баргандар консерватордук, либералдык жана орточул партиялар деп бөлүнүшөт. Консерватордук партиялардын максаты, калыптанган саясий режимди, мамлекеттик башкаруу формасын, менчикке болгон мыйзамдар, идеологиясын жана башка багытты өзгөртпөй кармап калуу менен иш алып барышат. Ал эми либералдык партиялар мамлекеттик башкаруу формасын, саясий экономикалык реформа кылуу максатын көздөшөт. Ортомчул партиялар болсо, өзүнүн аты айтып тургандай эле, сен мага, мен сага тийбейм, деген принцип менен парламентке барышат.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки тарыхын карасак, 2010-жылга чейинки бийлик, өзү “консерватордук” партияларды түзүп, калыптанган мамлекеттин баардык формасын өзгөртпөй кармап, бийликти узурпациялап жана аны күчөтүүгө аракет жасаган бийликтер да болгон. 2010-жылкы Башкы мыйзамда Президент, 6 жылдык мөөнөт менен бир жолу гана шайланат жана Парламенттик–Президенттик башкаруу формасы кабыл алынган. Мындайча айтканда, Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринен кескин айырмаланып, бийликти узурпациялоого "Баш мыйзам" менен чекит коюп алган. Бирок, 2010-жылдан бери, Президент 6 жылдык мөөнөт менен бир жолу шайланганы менен Парламентке келе турган партиялардын тизмесин түзүп “Консеравтордук” партияларды жаратып, ал эми “либералдык” партияларга бут тосуп келди десек да болот.

Ошондой мамиленин негизинен, Жогорку Кеңештин депутаттары, реформаларды жасай алышкан жок. Ал тургай сот күч органдарын реформалоо, мамлекетке түшкөн акчаны оптимизациялоо, туура пайдалануу, министрликтерди азайтуу, мамлекеттик ишканаларды пайдалуу иштетүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алуу жана көзөмөлдөөдөн аксады. Мындайча айтканда, сырткы карыз олчоюп турса да, бир-биринин функцияларын кайталаган көптөгөн органдарды жоюп, коррупция жасоого шарт түзүлгөн мыйзамдарды жана коррупциялык схемаларга аралашкан адамдарга каршы иш алып бара алышкан жок. Жаңы парламентке келүүнү көздөгөн партиялардын аттарын гана угуп, максаттарын биле элекпиз. Кыскасы, коалиция түзүп кайра чыгып кетүү, бул өздөрүнүн ички мамилелери жана укуктары, коомго жакшы же жаманы жок. Албетте, шайлоо алдында түзүлгөн коалициялык партиянын өзүнө, чыгып кеткен партиянын да абройлоруна шек келип, барктары түшөт.

-Бирок, шайлоо алдында биригүү, кайра ажырашуу, партиялар идеологиясын жараша эмес, башка кызыкчылыктардын айынан биригүүгө аргасыз болуп жатканы Кыргызстанда классикалык үлгүдөгү партиялардын жоктугунан болуп жатат дегендер бар. Буга не дейсиз?

-Классикалык партия деген болбойт, классикалык партия деп шахматта колдонулат. Башкы мыйзамдын негизинде, партия түзүү, бул парламентке шайланууга, колдонула турган курал-инструмент. Калганы, жогоруда көрсөтүлгөндөй: консерваторлор, либералдар жана орточулдар болуп, көз караштарына, кырдаалга  жараша партиянын тегерегине, коалиция, блок болушуп, бир-бирин колдонуу, салмактап саясий күч топтоо менен иш алып баруу десек, туура болот. Демек, башкы мыйзамдын негизинде, партия түзүү, бул  парламентке шайланууга, колдонула турган курал-инструмент десек туура болот.

-Эл күткөн партиялар келет деген үмүт барбы?

-Эл, Жогорку Кеңешке билимдүү калыс, учурдун талабына жооп берген курам келсе, деп күтүп жатат. Талкуу курч болууда... Демек, коом баа берип калды деген үмүттөмүн. Кудай буюруп, билимдүү, таза жана азыркы учурдун талабына төп келген партияларды шайлап алсак, мамлекеттин өсүшүнө өбөлгө болот  эле. Эң негизгиси,  шайлоо таза өтсө, баары жакшы болот деген ниеттемин.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости