www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан башынан 3 революцияны өткөздү, элдин аң сезими өстү, азыркы болуп жаткан процесстерди зирек көз караш менен карап, курч талап коюуда», - деди бүгүн, 25-мартта NazarNews маалымат агенттигине Осунбек Жамансариев.

- Осунбек мырза, айрым жарандарыбыз Венециялык комиссия сунуш бериптир десе, кээ бири аны эске алыштын кажети жок дешет. Негизи эле Венециялык комиссиянын максаты эмне? Алардын Конституция боюнча берген сунуштарын эске алышыбыз керекпи же ага маани бербей койсок деле болобу?

- Венециялык комиссия, 1990-жылдан бери демократияны жайылтуу максатында иштеп, эл аралык абройго ээ болуп, укуктук жактан идеяларды алмашуу жана Европа чөлкөмүндөгү Конституция нормаларын жайылтууга негизделген. Тактап айтканда, алар 3 базалык принцип менен иш алып барышат: Биринчиси, демократия. Экинчиси, адам укугун коргоо. Үчүнчүсү мыйзамды туу тутуу. Мына ушул үч принципте иштешет.

2002-жылдан баштап Европалык комиссия өзүнүн ишин кеңейтти. Тагыраагы, Европа өлкөлөрүндө эле эмес, башка мамлекеттер да мүчөлүккө кабыл ала башташты. Азыр Венеция комиссиясына 62 мамлекет мүчө. Кыргызстан 2004-жылдан бери, ал эми Казакстан 2011-жылдан бери толук кандуу мүчө болуп кирген. Европалык комиссия өзүнүн жумушун Венеция шаарында чогулуп өткөрүп тургандыктан «Венециялык комиссия» деп аталып калган.

Эгер, Кыргызстан мамлекети, Венециялык комиссияга Конституцияны өзгөртүүдө алардын кеңешин сурашса, анда ошол макамда иш жүрмөк, ал эми Кыргызстан андай кеңеш сурашпаса анда Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет катары алардын сунушун аткарууга милдеттүү эмес.

- Алардын кеңешин эске албай койсок, тышкы саясатта кесепетин тартып калышыбыз мүмкүнбү?

- Венециялык комиссиянын кеңештерин, корутундуларын көңүлгө албай койсок, Кыргызстан тышкы мамилелер боюнча кандайдыр бир тоскоолдуктарга учурашы мүмкүн...

- Аталган комиссиянын сунуштарын эске албаган мамлекеттер барбы?

- Албетте бар. Маселен, Россия федерациясы да, биз эгемендүү өлкөбүз деп Венециялык комиссиянын сунуштарын кабыл алган эмес.

- Бирок, Эмнегедир Кыргызстанда Венециялык комиссиянын сунуштарын айтып, коркуткандар чыга баштады го?

- Билими, тажрыйбасы бар юристтер, азыркы Конституцияны кабыл алууда, процедуралык жана башка мыйзам бузуулары болгонун, бийлик бир адамдын колуна чогулаарын, парламент алсыз болуп калаарын тынбай айтып келишүүдө.

Бирок, биз 2020- жылдын 5-6-октябрдагы революция болгонун эске алышыбыз керек. Революция болгондон кийин эле баары өз ордуна келип калышы мүмкүн эмес. Биз муну мыйзам ченемдүү нерсе десек болот.  

Эң негизгиси президент Кыргызстан демократиялык мамлекет болоорун баса белгиледи. Ошондой эле, экономиканын оңолушу үчүн, мамлекеттик башкаруу бийликтери мобилдүү жана жоопкерчиликтүү иштөө зарылдыгы болгону үчүн ушул өзгөрүүлөргө барып жатканы менен түшүндүрдү. Чынында, азыркы бийлик абдан чоң жоопкерчиликти мойнуна алууда. 

27-июнь 2010-жылкы Конституцияны кабыл алууда, Кыргызстан Парламенттик башкаруу формасындагы мамлекет болдук дегенбиз. Бирок, Президент эле башкарып келди. Ошол эле учурда, ар бийлик жаңырган учурларында, прогрессивдүү, өнүгүү учурлары менен бирге терс көрүнүштөр орун алып жатты. Менимче, булардын баары өлкөнүн өнүгүп калыптанышында сөзсүз үзүрүн берет.

Кыргызстан башынан 3 революцияны өткөздү, элдин аң сезими өстү, азыркы болуп жаткан процесстерди зирек көз караш менен карап, курч талап коюуда. Ошондуктан, эл аралык уюмдардан референдум аркылуу жаңы Конституцияны кабыл алуудан коркпошубуз керек. Буйруса Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү өз көз карашы менен куралып жана өнүгөт.

Эң негизгиси, Президент Садыр Жапаров, бийликти узурпациялоодон алыс болуп, айткандарынан кайтпай, чыныгы демократиялык мамлекетти курам, деген ниет менен иштесе болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости