www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Генералдар кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылды.
Ага атайын улуттук стилде жасалган куржунга салынган чакыруу салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Садырбек Дубанаев көп жылдар бою ички иштер органдарында кызмат өтөп, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана тармакты өнүктүрүүгө салым кошкон тажрыйбалуу жетекчи катары белгилүү.
Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин авторлорунун бири. Өлкөнүн тарыхый жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган мамлекеттик символду жаратууга кошкон салымы белгиленди.
Генерал-майор чакырууну ыраазычылык менен кабыл алып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү жана жогорку деңгээлде өтүшүнө тилектештигин билдирди.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт.
Эл аралык иш-чарага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн спортчулар, коноктор жана расмий өкүлдөр катышат.