www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен Түркиянын Mikron Medical компаниясы медициналык технологиялар тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документ «Кыргызфармация» ишканасынын делегациясынын Түркияга болгон жумушчу сапарынын алкагында түзүлдү.

Mikron Makina San. ve Tic. Ltd. Şti. компаниясы 1982-жылы Түркиянын Анкара шаарында негизделген. Ишкана омуртка жана травматологиялык хирургияда колдонулуучу медициналык импланттарды иштеп чыгууга жана өндүрүүгө адистешкен.

Меморандум Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдары үчүн сапаттуу ортопедиялык жана омуртка импланттарын түз жеткирүү боюнча кызматташууга негиз түзөт.

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү медициналык буюмдарды туруктуу жеткирүүгө, ортомчуларды алып салуу аркылуу сатып алуу баасын төмөндөтүүгө жана бейтаптар үчүн сапаттуу медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

Бул кызматташтык 2027-жылга карата борборлоштурулган сатып алууларда эске алынары күтүлүүдө.

Последние новости