www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мухаммад Бекжанов 1999-жылы орун алган Ташкенттеги жардырууларга тиешеси бар деп 14 жылга абакка кесилген.

Өзбекстандык журналист жана оппозициячыл активист Мухаммад Бекжанов 18 жыл түрмөдө отургандан кийин эркиндикке чыкты.

Бекжанов 1999-жылы орун алган Ташкенттеги жардырууларга тиешеси бар деп 14 жылга абакка кесилген. Андан соң анын түрмөдөгү мөөнөтү узартылган.

62 жаштагы Бекжанов атактуу өзбек оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салихтин иниси. Салих бозгунчулукта Түркияда баш калкалап келет. Мухаммад Салих "Эрк" партиясынын лидери жана 1991-жылы президенттик шайлоого катышып, Ислам Каримовдун жалгыз атаандашы болгон.

Адам укуктарын коргогон уюмдар Мухаммад Бекжановду дүйнөдө эң узун мөөнөттөн бери абакта отурган журналист деп мүнөздөп келишкен.

АКШнын Ташкеттеги элчилиги мурдагы "Эрк" гезитинин редактору Мухаммад Бекжановдун 18 жылдан кийин бошотулганын жылуу кабыл алып, абактагы башка журналист, активист жана диний ишмерлер дагы бошотулат деген үмүтүн билдирди.

Би-Би-Си Мухаммад Бекжановдун кызы, Айгүл Бекжанова менен эки жыл мурун маек курган. Айгүл атасын Киевдеги үйүнөн башына баштык кийгизип, Өзбекстанга жеке учак менен алып кетишкенин Би-Би-Сиге билдирген.

"Тергөө учурунда аны катуу сабап, бутун сындырышкан, ал азыркыга чейин аксайт. Дагы бир учурда, абак кызматкерлери таяк менен сабап, төрт күн муздак жерге таштап кетишкен экен. Азыр анын тиштери жок, кургак учук илдетин да жугузуптур. Мен атамды 15 жылдан бери көрө элекмин, канча аракет кылсам да мага виза бербей коюушту, апам атама барып туруш үчүн атайын Украин атуулдугун алып калган, мен АКШнын жаранымын", -деп Айгүл Бекжанова Би-Би-Сиге эки жыл мурун маек курган.

Мухаммад БекжановМухаммад Бекжанов дүйнөдөгү эң узун мөөнөттөн бери абакта отурган журналист деп мүнөздөлүп келген.

Айгүл Бекжанова бүгүн Facebook ка атасы абактан бошогонуна сүйүнүп турганын белгилеп, бирок, эч күнөөсүз адам өмүрүнүн 18 жылын жоготконуна кабатыр болуп туганын жазды.

Бекжановдун абактан бошотулушу өлкөдөгү саясий бийликтин өзгөргөнүнө байланышы бар деген жоромолдор дагы айтылууда. Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиеев Каримовдун каршылаштары деп аталган бир нече адамды эркиндикке чыгарып, абактагы айрым саясатчыларга мунапыс берген. Бирок сынчылар өлкөдөгү саясий абал эч өзгөрбөйт деген пикирин билдирүүдө.

Булак: "bbc.com"

Последние новости