www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында “Өз ыктыяры менен кайтарымсыз кан тапшыруу” долбоорунун алкагында ыктыярчылардын жардамы менен үгүт-түшүндүрүү иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасында өз ыктыяры менен кайтарымсыз кан тапшырууну өнүктүрүү” долбоорунун аймактык кызматкери Назгүл Назарова билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор 2017-жылдан 2019-жылга чейин улантылат жана долбоорду Щвейцариянын “Кызыл чырым” коому каржылап жатат.

-Долбоордун ишин жүргүзүү максатында ыктыярчыларды тандап алдык. Учурда  биз алар менен чогуу жогорку окуу жайларына, колледждерге, мекеме-ишканаларга барып, өз ыктыяры менен кан тапшырууга үгүт, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мен ойлойм, долбоор боюнча быйылкы жылы шаардын аймагына толук кандуу иштерди алып бара алсак, кийинки жылдан областтагы район-шаарларга чейин барып, донорлордун санын көбөйтүүгө аракет жасайбыз ,-дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад областтык кан борбору донордук кандын көлөм®н камсыз кылуу боюнча өлкөдө алдыңкы орунда турат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости