www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда апрель айында азык-түлүк баасы жана кызмат көрсөтүү 1,7 пайызга жогорулаган. Июль айында баа 0,2% жана июнда 0,3% арзандаган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетинин билдирди.

Комитеттин баяндамасына ылайык, январь-сентябрь айларында азык-түлүк баасы 3,1%, азык түлүк эмес товарлар 2,1% жана кызмат көрсөтүү 1,1% кымбаттаган.

Былтыркы жылдын сентябрь айына салыштырмалуу азык-түлүк баасы 7,5%, азык түлүк эмес товарлардыкы 2,8% жана кызмат көрсөтүүнүкү 1,4% өскөн.

Эске салсак, эт жана балык азыктары өзгөчө сентябрь айында кымбаттаган. Бир айда баа дээрик 3,8% өскөн. Жыл башынан бери эттин баасы 14,2% жогорулаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости