www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 27-февралда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин негизги аспектилерин, саясий жана дипломатиялык, чек ара, соода-экономикалык, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда.
«Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын позитивдүү динамикасын мындан ары өркүндөтүү, жаңы инфраструктура жана аймактар аралык масштабдагы транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болот», - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 11-январда Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган.
Булак: NazarNews.kg