www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда Ислам Каримов өкүм кылып турган мезгилде чек арада, Аксы тараптагы Он-Кыр (Унгар) тоодо дайыма чыр чыгып турар эле. Ал эмес Баткен согушу убагында Каримов аларга бараткан можахеддерге шылтоолоп кыргыз айылдарын бомбалап жиберген. Биздин ал кездеги президент Аскар Акаев мылжыйып күлүп гана койгон. Чек ара маселеси тез арада чечиле турган маселе эмес. Ал көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечилет. Чек араны бир күндө коррупцияны жарым саатта чечип коем деген өзүн чечен санаган Акаевдин  эмне кылганын баарыбыз эле жакшы билебиз. Чек ара чечүү жолун ал такталбаган аймакты кошуна мамлекетке берүү деп билет. Мадумаровдун Каркыраны ратификациядан өткөзүп казактарга берип жиберген сыяктуу.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыкканын тастыктады. Анын маалыматына караганда, жаңжал курчуп кетип, өзбек аскерлери асманга эскертүү иретинде ок аткан. Андан эч ким жабыркаган эмес.

Окуя Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы Ак-Курча деген жерде болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, кыргызстандыктардын малы эки өлкө ортосундагы тиешелүү адамдардын айтымында такталбаган аймакка өтүп кеткен. Издеп барган ээлери да ошол аймакка кирип калгандыктан, коңшу өлкөнүн чек арачылары менен түшүнбөстүк келип чыккан. Кандайча такталбаган жер ал жерди сатып жиберишип анан эле такталбаган жер болуп калабы каякты карап отурушат жеп ичер депутаттар же иштеп жыргатпадынар же чек араны чечише албадынар канча жылдан бери бийликтегилер  ойлонгончо чек арадагы жерлерди казак, кытай, өзбек, тажик тосуп алмай болду. Чек ара бүтпөй жатса жалдырап отура беришет. Өкмөт башчысы баш болуп, депутаттары төш болуп, акча,мансап,  бийлик талашып өлүп кетишет. Мирзияев президент болгону өзбек-кыргыз чек арадагы тиреши тынчып калды эле, калп эле элге тактала элек деп Атамбаев убагында тактайбыз деп дагы сатышты да. Эмне эле ал кайра - кайра эле Өзбекстанга барып, Мирзиеев менен кучакташып калган десе.

Эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын жооптуу аткаминерлери жолугушуп, маселени талкуулашууда. Өзбек тарап азырынча маалымат тарата элек. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району менен Өзбекстандын Наманган облусу чектешкен аймакта 19 миң гектардан ашык аянт талаштуу деп эсептелет. Эки мамлекет тең жарандардын ортосунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымга созулат. Анын 85% такталганы расмий айтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости