www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министри Каныбек Исаковдун коррупция менен күрөшүүгө моралдык укугу барбы? Эң коррупцияга баткан университеттин ректорунун министр болгону туурабы?

Каныбек мырза, Ош мамлекеттик университетин жетектеп турганда 2019/20-окуу жылына кабыл алууда 1-класстан баштап латын алфавитинде окуп, орто мектепти аяктаган өзбекстандык 1500гө жакын абитуриенттерди ОшМУнун медицина факультетине кабыл алган. Бул факты аталган жогорку окуу жайда коррупция гүлдөп жатканын түшүндүрөт. Ар бир өзбекстандык абитуриент окууга өтүш үчүн 1000 $ берген деген сөз бар. Кантип өмүр бою латын тамгасында окугандар бир күндө экзамендерин ийгиликтүү тапшырышты? Бир жылда медицина тармагындагы адистиктерге жалпысынан 1500дөн ашуун бала кабыл алынып жатса, анда 1, 2, 3, 4, 5, 6-курста окуган 9000дей студентке окуу лабораториялык жана клиникалык база барбы?

Жакында президент Жээнбеков  министр Исаковду кабыл алган. Жээнбековду тирүүлөй көргөнүнө  мукактанып, эреркеп кеткенби, айтор дароо калп айтып колунан келбес сөздү  же жогорку окуу жайлардын баарын эл аралык деңгээлге 2024-жылга чейин жеткирем деп убада кылып жибериптир. Чындап келгенде көпчүлүк жогорку окуу жайлардын имараттары жок. Ар кайсы имараттарды ижарага алып студенттерин окутуп жүрүшөт, көчүп конуп. Эмне, министр Исаков президентти көрө коюп убада берип жиберди деп жогорку окуу жайлардын  баары эл аралык деңгээлге 2024- жылга чейин чуркап чыгып кетеби? Же азыркы президенттин мөөнөтү 2023-жылы бүтөрүн билген министр Исаков дагы калп убадаларын берип жибердиби? 2024-жылга чейин ким бар, ким жок деп. Башка бирөө президент болуп келсе, министр Исаковдун бул убадасын ойлоп жүрмөк беле?

Исаковдун саймедирегенин кеп кылсак: 2024-жылга чейин бардык жогорку окуу жайлар эл аралык деңгээлге чыгат. 2020-2030-жылдарга Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда билдирген. Министр белгилегендей, билим берүү тармагын санариптештирүү процесси улантылат. Билим берүү уюмдарына лицензияны электрондук жол менен берүү башталып, мектептерди интернетке кошуу иштери ыкчамдайт. 

«Өлкө боюнча мектептердин электрондук картасы жана Билим берүү башкармалыктарынын бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Бул өлкөдөгү жалпы мектептер тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга, кырдаалды анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт», — деген Каныбек Исаков.

Электрондук кезек, электрондук күндөлүк сыяктуу санарип технологиялары жайылтылып, «Алиппе ТВ» долбоору колго алынат. Министр маалымдагандай, жогорку окуу жайларды эл аралык талаптарга ылайыктоо багытында стимулдаштыруу иштери күчөтүлөт. 2024-жылга чейин Кыргызстандын жогорку окуу жайларын эл аралык рейтингге алып чыгуу пландалууда. Каныбек мырзанын кезектеги калпы окшойт мунусу дагы, ал эми ал ректор кезинде ОшМУга 1500 өзбек абитуриенттери келгенин тактап алса болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости