www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандагы Пенджаб университетинде кыргыз бөлүмү ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 10-мартта Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев менен Пакистандын Глобалдуу жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Халид Таймур Акрамдын жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы жогорку билим берүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо, студенттердин алмашуусун, биргелешкен изилдөө иштерин жана басылмаларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында жакынкы арада элчи Бейшембиевдин Пакистандын эң эски жана ири университеттеринин бири Пенджаб университетине сапары жана аталган билим берүү мекемесинде кыргыз бөлүмүнүн ачылышы боюнча келишимдерге жетишилди. Ошондой эле Кыргызстандын студенттерин окутуу үчүн стипендия менен камсыз кылуу маселеси каралды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости